Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Нарын облусу 26.07.2014 13:23

Айыл турмушу - Солтон-Сарынын сол билектери

Turmush -  Кечээкиден бир шиңгил кеп

Учурда өлкөнүн мүлдө төрт түлүк малы Ала Тоонун арасында асыралып жаткан чагы. Кечээки доордо Биримдик (союздук) Республикалар арасында койдун саны боюнча үчүнчү, ал эми койдун жыштыгы боюнча дүйнөдө биринчи (100 гектар аянтка 83 баш кой) орунга чыкты деп даңкталган Кыргыз ССРинде малдын ушул түрү 12 миллионго жетсе, анын дээрлик 25 пайызы Нарын облусуна туура келген.

Буга да алымсынбаган айрым бир жасакер адистердин жана Республика жетекчилердин шыктануусунан улам Кыргызстанда кой санын 15 миллионго жеткирүү тапшырмасы ал замандын эң башкы башкаруучу күчү болгон КПСС БКнын атайын токтому менен токулуп, күчүнө кирген эле. Бирок бактыбызга жараша ал аңгыча кайран СССР мамлекети 15 өлкөгө чачырап жок болгон. «Бактыбызга» деп шүгүр келтиргендиктин жагдайы бар. Себеби 12 млн мамлекеттик жана 2 млнго жакын жеке менчик кой-эчкиге эле Ала Тоонун атыр жыттуу керемет жайыттары тарып, чаңы чыга баштаган. Албетте майда жандыктардан сырткары өткөн кылымдын 90-жылдарында бир миллиондон ашуун ири мүйүздүү мал, 300 миңге жакын жылкы баласы да багылып турган. Натыйжада 15 миллионго чейинки койду Республиканын жайыттары көтөрө албайт деген кээ бир көрөгөч адистердин жөн салды кеби эмес, кыйкырыгы да көңүлгө алынбаган.

Азыркынын ургаалдуусу жана убайымы

Ошентип жайкалган көк шиберлүү жайлоолор Эгемен жылдардан тарта кайрадан кулпуна баштады. Себеби бештен белгилүү. Кайран пародалуу мал таланып, асты бир баш кой үч куту чай, эки «бөтөш» аракка сатылып, эбейгейсиз санда башын кыскарткан. Бирок мал киндиктүү кыргыз эли, анын ичинде теңиртоолуктар акыры барып келип, мал санын көбөйткөнгө өздүрүнүн гана күч аракеттери менен жетише алышты. Натыйжада Нарын облустук бийликтин маалыматы боюнча, 2014-жылдын 1-январына карата 138 миң 623 баш ири мүйздүү мал, 974 миң 329 баш кой-эчки жана 95 миң 810 баш жылкы катталган. Албетте бул көрсөткүчтү анык деп саноого мүмкүн эмес. Мунун бир далилине жакында Нарындагы атактуу жайлоолордун бири Солтон-Сары өрөөнүнө барганда муюдук.

«Биздин малчылар ушул өрөөндүн бир бөлүгүнө жайлашат. Жалпысы 10,5 миң гектар жайытыбыз бар. Быйыл кыркка чукул малчы келишти. Алар14 миң кой-эчкини багышууда», - дейт Нарын районунун Он-Арча айыл аймагынын жайыт комитетинин жетекчиси Талант Асанбеков. Демек 100 гектар жайыт аянтка 133 кой-эчки туура келип, кечээки союздук көрсөткүчкө караганда майда жандыктардын жыштыгы 1,6 эсеге көп болуп чыкты. Натыйжада күтүрөгөн жылкылардын жана жайнаган уйлардын так санын алып чыгып, ар бир шарттуу башка жайытты эсептеп чыгуу вазыйпасы күн тарбинин башкы маселесине эбак эле жеткен экен. Ал эми малчылар болсо канча малы бар экендиктерин эч качан ачык айтышпайт. –Кудайга шүгүр, жетишерлик мал бар,-деп гана коюшат. Тек, орто жаштан өтүп калган жергиликтүү тургун гана, өз ара жөн салды масилеттешүү маалда, союз убагында ушул өрөөнгө мындан аз санда мал жайлаарын купуя кеп кылып турду.

-Колхоз убагында мынчалык кой чынында Солтон-Сарыга келчү эмес. Анда жайыттар ар бир чабанга бөлүнүп берилчү да. Азыр эмне, жыргал. Ким каалаган жерине келип олтура берет. Иши кылса машина келген, сууга жакын жер болсо болду. Мына биздин Ак-Сайда деле жайлообуз бар. Ал жакка барды деген малчыны уга элекмин,-дейт маектешибиз. Мындан пикирди жайыт комитет башчысы Талант да ырастап, Ак-Сайда 4 миң гектар жайыттары бар экендигин, ал жакка эч ким барбай жаткандыгын ырастады.

Өрөөндүн Кара-Жылга деген өтөгүндө болгонубузда, үй ичиндеги айым ордунан ылдам кыймылдаган жок. Көрсө ал урологиялык дарттан операция болгон экен.

«Бул жерге 6 жылдан бери келип жайлайбыз. 3 ай мурда операция болгонмун. Кичине жакшы болуп тыңып , анан жайлоого келгениме 5 эле күн болду,-деди акыбалы тууралуу Чынар Абдыраева. Чынарды райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери жеринен көрүшүп, тиешелүү кеп-кеңештерин беришти. Айрым бир малчылар короолорундагы кыктарды текке кетирбей көң катары чаап алышкан экен. Айтор өрөөндү аралап, кадам сайын төрт түлүк малды кезиктирип жаттык. Бирок баам салган адамга жайытта чөптүн өсүшү жакшы болгону менен кунары кетип бара жаткан экен. Ал эми Т.Асанбеков мырза ушул эле жайытта малчылар октябрь айынын теңине чейин жайлашаарын белгиледи. Жалпысынан өрөөнгө Нарын районунун 6 айыл аймагынын малчылары келишерин район акими Түгөлбай Жанбоев билдирди. Эгерде бир айыл аймактан 14 миң кой-эчки ушул жайлоого чыкса, анда алты айыл аймактан 84 миң баш майда жандык Солтон-Сары өрөөндө багылууда экен. Демек, бир жагынан мал саны мынча пайызга жыл сайын көбөйүп жатат деп илгергиче төш кагып, «рапорт» бергенден көрө, эң алды мал туягын так санап, анан ошого жараша оокат кылганга мезгил келгендигин адистер эбак эле айтып чыгышкан.

Экинчиден,жайыттарда тараптар, демек айыл аймактар арасында чырлар чыга баштагандыгы да эшитилди. Өзүн Алмаз деп тааныштырган тоолук жигит, өрөөндүн абалын билүүгө келишкен жергиликтүү бийлик жетекчилерине негизинен үч маселени айтып калды.

«Бул жайыттарда көзөмөл деген болобу, же биздин жайыттагы чырыбызды ким , качан чечип берет? Качан тартип деген болот. Экинчиси малдарыбыз шарп болуп жатат. Эптеп өзүбүз эле дарыламыш кылуудабыз. Анан кышында Кара-Кужурдагы биздин балдарыбыз мектепке барып окушпайт деле. Ат менен барганы барат, барбаганы жүрө берет. Качан Микроавтобус чечилет. Бир Бусик беребиз деп эле келе жатасыңар, же андан жок,-деп тоолуктардакыдай мүнөздө ороң-бараң элдик суроолорду узатты.

«Эми ар бир айыл өкмөттүн жайыттарда мурдатадан келе жаткан чек аралары бар да, туурабы. Ошол боюнча эле чырдашпай малдарды багыш керек. Экинчиси, мындан ары ар бир баш малды жайлоого келгенче чейин вакциндерди сайдырып, эмдетип келиш керек. Бул жерде малчылардын да жоопкерчилиги болуш керек да. Ал эми балдар боюнча буюрса, убагында келгенде маселени жерине барып, анан чечип бергендей бололу», - деп жооп кайтарды өкүл Аманбай Кайыпов.

Бай ашык ичкенинен, кедей ачкасынан ынтыгат

Солтон-Сары өрөөнү малчылар менен катар алтын кени менен даңкталганы белгилүү. +рөөндүн кеңири алкагына чыкканда эле түндүк ыптасынын боорунан өзгөчө имараттар көзгө урунат. Ал «Кыргызалтын» ААКнын Солтон-Сары филиалынын имараттары.

«Мен төрөлгөндөн бери ушул жерлер менен чоңойдум. Бала кезде болжолу 1977-78-жылдардан тарта ар жыл сайын геологдор келишип, чатыр тигишип, көп күн жүрүшүп, ар кайсы кырларга жыгач сайышчу. Бирок биз ушул тоолордо алтын бар экендигин билчү эмеспиз,-дейт жергиликтүү малчы Таалайбек Кожоакунов. Ал айтмакчы азыркы тапта деле Солтон-Сарыда канча алтын бар экендиги так айтылбайт. Тек, Бучук деген тоо коктуда 40 тоннадай, ал эми азыркы комбинат жайгашкан Алтын-Төр деген коктуда 5-6 тонна алтын бар экендиги эшитилет.

Бир гана унаалык өр талашкан төтө жол менен жүрүп олтуруп, акыры комбинатка да келдик. Мындагы кен ылгоочу фабриканын жетекчиси Мурат Алмамбетов өз дараметине жараша жана жоопкерчилигине байланыштуу маалыматтарды келтирип турду.

«Бизде жалпысы 165 адам иштейт. Учурда мында 40 киши эмгектенип жатышат. Өткөн жылы 72 килограмм алтын өндүрүү планы берилсе, аткарылганы 65 килограмм болду. Бир тонна казылып келген топурактан 3,2 грамм алтын чыгат. Алтындын көбөйбөгөнү жана пландын аткарылбагандыгы жабдыктарга байланыштуу. Алардын 80 пайызы эскирди. Же болбосо биздин ачылганыбызга быйыл 20 жыл болот. Эми жаңы ыкма менен алтын ала баштамайын көйгөйлөр боло берет. Салык, соцфонд боюнча мен билбейт экенмин. Жергиликтүү эл менен болсо эч кандай чыр-чатактарыбыз жок. Бизде иштегендер орточо 10-12 миң сомдон айлык акы алышат,-деп кеп салып турду М.Алмамбетов мырза. Дал ушул жерден өкүл Аманбай Кайыпов облус аймагынан кандай гана кен байлык болбосун, аларды чалгындоого жана иштетүүгө кызыктар тараптарды чакырып жаткандыктарын билдирди.

«Жакында бизге эки компания келди. «Эгиз-Төр» жана «Жонжу Майнинг» деген. Биз аларга ачык-айкын иштешүүнү айттык. Себеби алар ошол айылга көрсөтө турган соцпакети менен келиши керек да. Карасак, бирөөсүнүн документтери туура эмес болуп чыкты. Бирөөсү болсо Мисалы Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына алдын ала 10 миллион сом берели деп айтышты. Айтор, биз ушул август айында каалаган инвесторлорду бүт чакырабыз. Келишсин, эл менен, депутаттар менен, айыл өкмөт менен, район менен, биз менен сүйлөшсүн. Мурда болсо, ортодон кошулгандар эле молдо болушуп, бийлик болсо биякта калып, анан каалагандай ишти жасашкан да. Алар биз билебиз деп калышкан. Ошондой болгон үчүн мына Таласта эл көтөрүлүп, чыр чыгып, акыры аларды кууп чыга башташты. Эми биз баарысын ачык-айкын, түз, так жумушту жасашыбыз керек», - деди облус жетекчиси. Кепке Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев кошулду.

«Мына ушул комбинат турган жер Эмгекчил айыл аймагына карайт. Булар жыл сайын орточо Эмгекчилге жалпысынан 4 миллион сомдун тегерегинде салык түрүндө акча төлөшөт. Андан сырткары мисалы айылга 5 миллион сомго клуб салып беришти. Башка дагы жардамдарды көрсөтүп турушат», - дейт Т.Жанбоев.

айыл

айыл2

айыл3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×