Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ош облусуКара-Суу району 22.07.2014 11:03

Айыл турмушу: Кара-Суудагы Сары-Колот айылынын эли бышкан дарбыздарды жыйноо менен алек (фото)

Turmush -  Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл аймагында дарбыз бышып, сатыкка чыгарыла баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, дыйкандар дарбызды орто эсеп менен 65-75 сомго бааласа, алып сатарлар ага 15-20 сом кошуп сатышат.

Белгилүү болгондой, аталган айылдын элинин басымдуу бөлүгү дарбыз, коон айдап, дыйканчылык менен алектенишет.

Дыйкандардын айтымында, жаз мезгилинде дарбыз айдалып, эки маал сугарылат. Аны өстүрүү оңой эместигин белгилеген дыйкандар жайдын аптаптуу күндөрүндө таңкы саат 5-6да, кайра күндүн илеби кайткан кезде кечки 4-5те талаага чыгып, дарбыздын түбүн жумшартып, отоо чөбүн тазалап, арыкчаларды чабуу керектигин билдирди.

Мындан тышкары, дыйкандар жайында дарбыз бышкан кезде талаага чатырча тигип, дарбызды кайтарышарын белгиледи.

Белгилей кетсек, айрым дыйкандар талаанын четине дарбыз, коондорду үзүп сатыкка коюшат. Жолдогу жүргүнчүлөр үчүн бул өтө ыңгайлуу жана базар баасынан арзан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×