Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусуКадамжай району 21.07.2014 18:06

Айыл турмушу: Кадамжайда 1,5 сотых жерди өсүмдүктөр, куштар ааламына айланткан агроном Р.Салиеванын чарбасы (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районундагы агроном Райхан Салиева Халмион айыл округунун Ноогардан айылында болгону бир жарым сотых жерге гүлдөрдүн, өсүмдүктөрдүн түрүнөн өстүрүп, 60дай чымчыктын 15тей түрүн, коендор жана биогумус (сөөлжандар аркылуу иштелип чыккан органикалык жер семирткич) иштеп жаткан 20 тонна сөөлжандарды багууда.

Райхан Салиева Европпадан алып келген куштарды, Калифорния сөөлжандарын көрүү үчүн жер-жерлерден кызыккан адамдар келип жатканын, кала берсе туристтерда келе баштаганын айтат.

«Мен өзүм өсүмдүктөр, жаныбарлар ааламына кызыгам. Чымчыктарлын көбүн Европпадан алдыргам. Коендордун да 3 түрүнөн багып жатам. Эки түрдүү коенду аргындаштырсам, башка түрдөгү коен пайда болду. Азыр 20 тонна биогумус иштелип даяр. Биогумус үчүн Калифорния соолжандарын 4 жыл мурда бага баштагам. Азыр өсүмдүктөрдүн түрүнөн аз-аздан жалаң биогумус аркылуу өстүрүп жатам. Түшүмдүүлүгү жакшы. Бир түп жүгөрү 8 даана байлаган. Бир түп картошкадан 55-60 даана картошка алынат. Бул да болсо биогумустун пайдасы», - дейт Р.Салиева.

40 жылдан ашуун айыл чарба тармагында иштеген Р.Салиева бир канча сыйлыктарга татыган. Болгону бир жарым сотых жерди өсүмдүктөр, куштар ааламына айланткан Райхандын эшигин каккандар көп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×