Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуАк-Талаа району 04.07.2014 12:11

Айыл турмушу: Ак-Талаа районундагы хан Шырдакбектин тарыхый сепили курчалбай кароосуз калган (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айыл аймагындагы Ала-Буга дарыясынын жээгинде Шырдакбектин сепили орун алган. Учурда бул тарихый аймак курчалбай кароосуз калып, үстүнөн мал жандыктар тебелеп жатат.

Ак-Талаа райондук тарых музейинин директору Мыктыбек Апиловдун айтымында, 1945-1949-жылдары А.Н.Бернштам, 1959-жылы Н.П.Кожемяко, 1982-1983-жылдары М.Н.Москалевдин изилдөөсү боюнча, сепил 10-12-кылымдарга таандык экендиги айтылган. Сепил, төрт чарчы салынган. Сакталып калган дубалдын бийиктиги 6 метрге чейин болуп. Баксадан тургузулган. Дубалынын калыңдыгы - түбү 6 метр, үстү 2 метр. Чептин дубалдары, бурчтары жана эшиктери мунаралар менен бекемделген. Эшиктери түштүк жана батыш жактарды карап, мунаралардын боорунан жоого ок атуу үчүн тешиктер жасалган. Атургай, чепти айланта туурасы 20 метр аң казылган.

Ушул эле сепилден бир чакырым аралыкта 1945-жылы А.Н.Бернштам тарабынан аянты анча чоң эмес шаал чалдыбар табылган. Казуу иштери жүргүзүлбөгөндөн кийин кайсы мезгилге таандык экени аныкталган эмес. Ошол эле учурда чептен 60 метр түштүк тарабынан төрт чарчы түрүндө дагы бир шаар чалдыбары бар экени аныкталган. Муну 1982-жылы М.И.Масколев казып, изилдөө иштерин жүргүзгөндө, дубалынын калыңдыгы 1-1,3 метр болгон 9-12 –кылымдарга таандык экендиги такталган. Окумуштуулар бул жерде Канжыга-Багы деген байыркы шаар тургандыгын болжолдошот.

Ал эми Хан Шырдакбек туурасында Ак-Талаа райондук Тарых музейинин директору Мыктыбек Апилов төмөндөгүдөй баяндайт.

Хан Шырдакбек Жети шаар Фергана, Кашкардан бери хан болгон деп санжыраларда айтылат. Уламыштарга караганда кыпчак уруусунан чыккан баатыр. Өзүнүн элин калмак баскынчыларынан коргогон. Ал айкөлдүгү, ак пейилдиги, жоомарттыгы, өзү минип жүрчү Боз жоргосу менен эл ичинде айтылып калган.

Элдик уламыштарда, Бел-Кырчындан жер асты менен арчадан жасалып коюлган ноо менен 3-4 чакырым жерден сепилдин ичине суу киргизип, жоо келген кезде канча убакыт болсо дагы чептин дарбазасын бекитип алып, эч кимге сурак бербей жата берген деп айтылат.

«Канчалаган кылымдар өтсө дагы Шырдакбек ооздон-оозго, муундан-муунга айтылып келе жатышы, анын чебинин сакталып турушу хан Шырдакбектин реалдуу жашап өткөнүн айгинелейт. Азыркы тапта, чептин дубалдары убакыт өткөн сайын урап, боз дөбөлөргө айланып, үстүнөн мал жандыктар тебелеп жатат. Мүмкүнчүлүк болсо айланасын бекемдеп тосуу менен, мындай тарыхый жайларды сактап калуубуз керектелет, өкмөт жана жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алса» - дейт директор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×