Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусу 02.07.2014 14:03

Айыл турмушу: Кол өнөрчү Ж.Карыбекова Голландия, Япония, Германияга шырдак, төшөк сатуу менен алектенет

Turmush -  Кол өнөрчүлүк кесип менен тиричилик кылып,үй-бүлө бакса болот. Бул тууралуу Нарын облусундагы товардык сервистик «Кыргыз-Уз» кооперативинин жетекчиси Жамбы Карыбекова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда кол өнөрчүлүк менен алектенип эле үй-бүлөсүн бакса болот.

Ал чет элдиктерге кыргыздын кол өнөрчүлүк буюмдарын сатып келет. Учурда Нарын облусундагы «Кыргыз Уз» кооперативинин жана Нарын районундагы айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча «Урмат Уз» кооперативинин жетекчиси.

Жамбы Карыбекова: «Мен 60 жашка чыктым. Жалаң кол өнөрчүлүк менен эле айылда изденип иштеп отуруп, Голландияга, Японияга, Германияга шырдак, төшөк сатып оокат кылып келем. Ар бир кыргыз кыз келини изденсе мендей эле деңгээлге жетет деп ойлойм», - деп чет жерге жумуш издеп кетип жаткан жаштарга кайрылды.

Ошондой эле «Биз шырдак фестивалын өткөрөрдөн мурун Кытайда шоколад майрамын белгиленип, гүлдү мыкты өстүргөн өлкө Францияда гүл фестивалы өтүп жатты. Бизде шырдак мыкты жасалап эмеспи деп, жаш ишкерлер аарсында шырдак майрамын өткөрүү демилгесин көтөрүп чыктым. Келечекте бул фестивалды жыл сайын өткөрүп, өлкөнүн экономикасына салым кошууну жана айыл жериндеги уз айымдарды колдоону пландап жатабыз», - деп билдирди ал.

IMG_1408~1

IMG_1406~1

IMG_1407~1

IMG_1585~1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×