Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуНарын району 18.06.2014 13:42

Нарын районундагы Кырк боз үй жайлоосунан фоторепортаж

Turmush -  Нарын районунун Кырк боз үй жайлоосунда жалпы 10го чукул соодагерлер кымыз, сүт, курут жана башка азыктарды сатып эмгектенишет. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Бул жайлоого Нарын районунда жашаган жашоочулар келип соода-сатык менен электенишет. Анткени, жолдун жээгинен жүргүнчүлөр кымыз, саамал, курут, бээнин сүтүн алышат.

«Соода жакшы болгон күндөрү 50 литрге чейин кымыз, сүт сатабыз. Кээ күндөрү эч соода болбой калат», - дейт соодагер Саткын Жумалиева.

Жаз айларында бээлерге жут болгондуктан кымыз кымбат болуп жатат. Желээде бээлер аз, кымыздын литри 100 сом. Кымызды Сөң-Көл жайлоосунан уулум салып жиберет. Мен сатам. Ал эми киреше өзүбүзгө жетээрлик. Куруттарды өзүбүз жасап сатабыз. Кымызга караганда курут саткан кирешелүү», - деп кошумчалады Анара Сталбекова.

Соодагерлердин айтымында, алар эки жарым ай соода сатык менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×