Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.06.2014 17:31

Айыл турмушу: Ысык-Көл облусунун эң алыскы аймагы болуп саналган Ак-Шыйрак айыл аймагынан фоторепортаж

Turmush -  Ак-Шыйрак айыл аймагы Ысык-Көл облусунун эң алыскы аймагы болуп саналат. Аталган айыл аймагына 3 айыл кирет: Ак-Шыйрак, Үч-Кошкон жана Кара-Сай.

Алардын ичинен эң эскиси болуп 1930-жылы пайда болгон Ак-Шыйрак айылы эсептелет. Анда 19 үй-бүлө жашайт. Андан ары 1960-жылы түзүлгөн Үч-Кошкон айылы жайгашкан. Андан соң 14 үй-бүлө жашаган Кара-Сай айылы маалым. Ал чек ара тозотуна жана жарандарды текшерүүдөн өткөрүүчү аймакка жакын жайгашкан.

Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 20-майындагы токтомуна ылайык Жети-Өгүз районунун четки аймагына чек арага жакын алыскы аймакка киргендиги үчүн өзгөчө статус берилген. Айыл-чарбасына ылайыктуу жердин жоктугунан улам аймак 100% республиканын жана райондун каржылоосунда турат.

Тактап айтканда, Ак-Шыйрак айылында 306 жашоочу бар. 1938-жылы бул жерде 1-май деп аталган колхоз болгон. Анын негизги багыты — бодо малдарды жана майда жандыктарды көбөйтүү болгон. Аталган айылдар Жети-Өгүз районунун борборунан 280 км узактыкта жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×