Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.06.2014 12:25

Фоторепортаж - Айыл турмушу: Жети-Өгүздө шырдакты ар түрдүү композицияда жасаган уздар бар

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Полян айылынын тургуну Мая Асаналиева шырдак жасоо менен алек. Ал буга чейин 20га жакын шырдак жасап, сатыкка койгон.

Уздун айтымында, анын ичинен да өзүнө жакканы болот. «Мисалы, бул кичинекей шырдак өзүнчө композиция. Муну китептен көрүп, анан түшүргөм. Бул Балбай баатырдын карышкыры болчу. Аны дайыма карышкыр колдоп жүрчү экен. Алгач карышкырды түшүрүп жасагам, бирок кайра анын ордуна, бугуну түшүрүп койдум», - дейт М.Асаналиева.

Ал эми, шырдак жасоону 9-класстан баштап үйрөнгөм, деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×