Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.05.2014 10:24

Айыл турмушу: Жети-Өгүздөгү Кызыл-Суу айылынын тургуну Н.Букабаев 20 жылдан бери аары багып, бал алуунун сырын мыкты өздөштүргөн (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну Букабаев Нурлан 20 жылдан бери аары багып, бал алуу менен алектенип келет. Аарыны багуунун башкысы себеби - таза бал алуу менен бирге ден соолукту чыңдоо болуп саналат.

Нурландын айтымында, аарыларды чын дили менен жакшы көрүп, аздек мамиле кылуу керек.

«Бал челекти ачаарда алгач түтүн булатып алуу керек. Анда аарылардын кыймылы жайлап, кишини да чакпай калат. Бал челектердин ар биринде жайкысын 50-60 миңге жакын аары жашайт. Бир бал челекте бир гана эне болот. Ал баарын башкарып турат. Буларда кызматтар да так бөлүштүрүлгөн. Бир азы балга учса, жарымы сууга учат. Алар тазалыкты сакташат. Ал эми кире бериште кароолчулары да бар. Алар бал таппагандарды киргизбейт», - дейт балчы.

Ошондой эле аары бакчу киши кошумча жыттардан арылуусу керек. Атыр жана адамдын ар кандай жагымсыз жыттары бар адамды аары чагып алат, деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×