Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.05.2014 12:38

Айыл турмушу: Өгүздүктөр какымдан бал жасашат фоторепортаж

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылынын тургундары какымдан бал даярдашат.

Алардын айтымында, айыл тоо этегинде жайгашкандыктан, табыгый таза балдарды жасоого толук шарт түзүлгөн. «Какымдын баштарын гана үзүп алуу керек. Бир үлүшкө 400 баш какым керектелет. Биз көбүнчө аны май-июнь айларында теребиз. Негизи чылачуу күнү гана терүү керек. Антпесе солуп кетет», - дешет алар.

Терилип келген какымды адегенде жуушат. Аны 3 жолу жууп, андан кийин бир күн сууг чыланат. Эртеси аны суудан чыпкалап, жаңы суу куюп дагы бир күн чылайт. Анан ошол сууга шекер кошуп кайнатат дагы банкаларга куюшат.

Какымдан сырткары айыл эли кызыл карагайдын төө буурчагынан да бал жасашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×