Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусу, Нарын 28.01.2014 14:36

Тамчы тамган жашоо артта калды (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан төрт кабаттуу, 40 үй-бүлө жашаган №75 үйдүн тургундары эми жаан күндөрү үстүлөрүнөн тамган тамчыдан биротоло кутулушту.

Акыркы жыйырма жылдан бери аталган үйдүн үстүнкү кабатында жашагандар кээ бир күндөрү тамган тамчыга таң аткыча чака-чайнектерин тосуп отурушчу.

Аталган үйдүн тургундарынын көбүнүн тапкан каражаттары чектелүү болгондуктан чогулуп чатырчалатканга мүмкүнчүлүктөрү болбогондуктан далай жолу жергиликтүү бийликтин эшигин жыртышып, шайлоо учурунда депутаттыкка талапкерлердин убадаларына тоюп бүтүшкөн эле .

Дагы эле болсо үмүттөрү өчпөгөн аталган үйдүн өкүлдөрү өткөн жылдын аягында облуска жаңы дайындалган өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповго кайрылышып көктөн издегенин жерден табышкандай болду.

Облустун жетекчиси өз чөнтөгүнөн 490 миң сом берип, кечээ үй толугу менен чатырчаланып бүтүп, аталган үйдүн тургундары үчүн тамчы тамган күндөр эми артта калды.

Б.Белеков Нарын облусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×