Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 16.04.2014 12:47

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда бир жарым гектар бадал күйүп кетти

Turmush -  Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда өрттүн натыйжасында бир жарым гектар бадал күйгөн. Бул тууралуу өрт өчүрүү кызматынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Өрт кырсыгы тууралуу маалымат Ак-Суу райондук өрткө каршы кызматына 14-апрелде саат 20:00дөр чамаларында келип түшкөн.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөрдүн бригадасы барышкан, ал учурда бир гектардан ашык кургак чөптөрдү жана бадалдарды өрт чалганын аныкташкан.

Өрт чыккан аянтты өрт өчүрүүчүлөр тарабынан толук зыянсыздандырууга эки саат убакыт кетти. Өрттүн келип чыгуу себеби - адамдардын кайдигер мамилесинен, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандыгынан, дейт өрт өчүрүүчүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×