Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 16.04.2014 12:00

Ысык-Көлдө 3 ай аралыгында мал уурулуктун кесепетинен 1 млн 163 миң чыгым келтирилген

Turmush -  Ысык-Көл областында үстүбүздөгү жылдын 3 ай аралыгында мал уурулук боюнча 42 факты катталып, 39 иш сотко берилген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн анализ тобунун ыкчам кызматкери Руслан Кубандыков билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Р.Кубандыковдун айтымында, мал уурулуктун ичинен кайтарып берүүлөр да болгон. «Мал уурулук боюнча өткөн жылдын ушул мезгилинде элге 1 млн 447 миң зыян алып келсе, бул жылдын 3 айында 1 млн 163 миң чыгым келтирилген», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×