Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 15.04.2014 17:31

Ошто көчөлөрдүн курулушу боюнча бүгүнкү тендерге 9 компания катышты

Turmush -  Ош шаардык жол башкармалыгында бүгүн, 15-апрель күнү шаардык жолдорду куруу үчүн компаниялар арасында тендер болуп өттү. Бул туурасында аталган башкармалыктын адиси Улук Жаныбеков билдирди.

Маалыматка таянсак, тендерге 9 компания катышып, анда эки компаниядан өкүлдөр келген эмес.

«Ош шаарындагы жолдордун курулушунун биринчи этабы бүттү, 30 күндүн ичинде тендерге документ тапшырган компанияларга баа берилет. Андан соң, жеңүүчү аныкталат», - деп маалымдайт У.Жаныбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×