Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу 15.04.2014 11:52

Ысык-Көлдө 3 айда жаратылышка келтирилген зыян 62 миң 709 сомду түздү

Turmush -  Ысык-Көл облусу боюнча ушул жылдын 3 ай аралыгында жаратылышка зыян келтирген 26 иш катталган. Анын негизинде 62 миң 709 сомго протокол түзүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик аңчылык департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Улан Дөкөнбаев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

У.Дөкөнбаевдин айтымында, жаратылышка зыян келтирген 26 иштин ичинен 15и жаныбарларга, 8и өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген. Ошондой эле 3 ар кандай мыйзам бузуулар болгон. Жалпысынан өндүрүлгөн сумма 31 миң 623 сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×