Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.04.2014 09:21

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүн Ак-Терек айылында уста Чолпонбай чапкан ээр токумдар (фоторепортаж)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылынын тургуну Чолпонбай Борсуков көп жылдан бери ээр токумдарды жасоо менен алектенет.

Чолпонбай устанын айтымында, бир ээрди жасоого 3-4 ай сарпталат. Ал ээрди теректен жасайт.

«Алгач, теректи кыйып кургатып даярдап алам. Андан кийин ээрди сомдой баштайм. Сомдогондо ээрди жоон кылып калтыруу керек. Анан көлөкө жерге сергитип, 15 күндөй кыкка жаткырам», - дейт уста.

Негизинен ээрди жукартып жатканда атка олтургудай, кишиге ылайыктуу болгудай кылып жана жеңилине караш керек, деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×