Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусу, Талас 14.04.2014 18:50

Талас шаарындагы турак үйдө граната жарылып, өспүрүм бала каза болду

Turmush -  Талас шаарында жайгашкан турак үйлөрдүн биринде граната жарылып, бир өспүрүм каза болду. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жардыруу 11-апрель күнү саат 18:00 чамасында болгон.

Андан жаракат алган Талас облусундагы Кара-Буура районунун жашоочусу М.Э. (1996-жылы туулган) ооруканага жеткирилип, бирок жарым сааттан соң көз жумду. Ошондой эле, ошол учурда бөлмөнүн ичинде болгон 1991-жылы туулган кыз кулагы тунуп, бетинен анча чоң эмес күйүк алып, ооруканага жаткырылды. Жардыруу болгон бөлмөнүн терезесиндеги айнектер менен эшик талкаланган.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, жардыруу шумдуу жардыргычты эпсиз жана этиятсыз колдонуудан улам келип чыккан. Күбөлөрдүн айтымында, мурунтугу жок граната менен ойноп жаткан өспүрүм гранаттын бир учун сым менен туташтырып, бир учун уюлдук телефондун батерейкасына туташтырган жана азыр салют болот деп кыйкырган», - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Талас шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам-иликтөө тобу окуя болгон жерден кара резинанын жана уюлдук телефондун бөлүктөрүн тапты.

Маалыматта айтылгандай, ошол күнү жардыруу болгон үйгө меймандар чогулуп, каза болгон өспүрүм туугандары менен бирге мейманга келген. Учурда өспүрүм гранатаны кайдан алгандыгы иликтенип жатат.

Аталган факт боюнча, Талас ШИИБ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (Жардыргыч заттарды, ок дарыларды жана согуштук куралдарды мыйзамсыз сактоо, алып жүрүү, ташуу жана сатуу) менен клымыш иши козголду. Ошондой эле, соттук-медициналык жана техникалык-жардыруу боюнча экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Алдын ала божомол боюнча, жарылган ок-дары 2010-жылдын 6-7-апрель күндөрү болуп өткөн окуя учурунда уурдалып жоголуп жаткан жана кандайдыр бир себептер менен өспүрүмдүн колуна тийген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×