Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 14.04.2014 13:23

Акыркы сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 7 өрт кырсыгы катталды: Чүйдө 26 жаштагы тургун мончого өрт койгон

Turmush -  Бүгүн, 14-апрелде ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын аймагында 1 өрт кырсыгы, Чүй облусунда — 3, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында 1 өрт кырсыгы катталды.
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Достук айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, эмеректер менен кийимдер күйүп кетти. Өрттүн чыгуу себеби такталып жатат.
Ошондой эле, аталган айылда жайгашкан мончого 1986-жылы туулган О.С. өрт койгон. ӨКМдин маалыматы боюнча О.С. психикалык жактан жабыркайт.
Ал эми, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы турак үйдүн ашканасы электр жабдыгын колдонуу эрежесин сактабагандыктан улам күйүп кетти. Андан жаракат алгандар жок, электр жабдыктары өрттөндү.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×