Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 14.04.2014 12:47

Ысык-Көлдө жеке нотариус аркылуу жасалма документ мененавтоунаа сатылган

Turmush -  Ысык-Көл областтык ИИБне 29 жаштагы Кызыл-Суу айылынын тургуну кайрылып, арызында ага Бишкек шаарынан белгисиз адамдар жасалма документтин аркасы менен башка бирөөнүн унаасын сатып салышканын билдирген.

Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз катчысы С.Усубакунов аймактык кабарчыга билдиргендей, жабыр тартуучуга 16850 АКШ долларына «БМВ Х-5» унаасын сатып салышкан. Аны текшерүү учурунда белгилүү болгондой, Ак-Суу районунун Теплоключенко айылынын 61 жаштагы тургуну жеке нотариусу аркылуу жеке пайда табуу үчүн жалган ишеним кат жасап берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×