Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 14.04.2014 10:31

Кара-Балта шаарында «Фольксваген-Вента» үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйүп кетти

Turmush -  Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, 12-апрель саат 08:30дан баштап 13-апрель саат 08:30га чейин республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды.

12-апрель күнү Бишкек шаарындагы Касым жаңы конушунун Салтанат көчөсүндөгү №57 үйдөн 9 чарчы метр бастырманын астында 1 куб отун күйүп кетти. Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Ошондой эле, Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын Фрунзе көчөсүндө Б.Болотбековго тиешелүү мамлекеттик номуру № S10-05U болгон «Фольксваген-Вента» үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйүп кетти. Себеби, электр жабдууларын куроодо эреженин сакталбагандыгында болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×