Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 14.04.2014 09:56

Чүй облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Turmush -  Кечээ, 13-апрелде жергиликтүү саат боюнча 02:18де КРнын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институту 12 баллдык көрсөткүч менен күчү 3 баллга жеткен, магнитудасы (Mpv)=3.9 болгон жер титирөө катталганын билдирди, деп маалымдайт ӨКМдин басма сөз кызматы. КР сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында Суусамыр тоосунда түштүктөн чыгышка 4 км аралыкта, Өтмөк айылынын 27 км түндүктү көздөй Сары-Сегот айылында болгон.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү Өтмөк айылында 3 балл, Сары-Сегот айылында 2 балл болгон.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, курмандык жана кыйроолор болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×