Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 14.04.2014 09:51

Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусунда кар жаап, унаалардын жүрүшү кыйындады (фото)

Turmush -  Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусундагы катаал аба ырайынан улам автоунаалардын кыймылы кыйындады. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Айдоочулар билдиргендей, эрте менен ашууда кар жаап, автожолдор тайгалак жана тоӊголок болду. «Жолдун айрым тилкелерине кум себилбегендиктен, айдоочуларга кыйынчылыктар жаралды», - дешти алар.

Буга чейин Кыргызгидромет, аба ырайынын кескин өзгөрүшү тууралуу маалымдаган: 12-14-апрель күндөрү тоолуу өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлүп, карга айланат. Ал эми 11-13-апрелдерде республика боюнча жаан-чачын болору айтылган.

5fe50c7f97bc09cd196af11faa835d65_500_0_0 

3f5780f2fa41375cecef61f542d34aed_500_0_0 

4c254f0d1baca43ecc9bba3cb8427f2b_500_0_0 

4bcb088db210c1eaf750aa3072f428e3_500_0_0 

891a6894c90e4c7f0a322422e9a97b0a_500_0_0

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×