Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусуКочкор району 14.04.2014 09:42

Кочкор районунда жол кырсыгы болуп 4 адам жабыркады

Turmush -  12-апрель күнү саат 08:34тө Нарын облусунун Кочкор-Арал унаа жолунун 32-чакырымында жол кырсыгы болуп, 4 жүргүнчү жабыркады. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекеттик № В83-17АЕ «Ниссан-Терана» үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөгү жарылып, үч жолу аңтарылып, жолдон чыгып кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркады. Жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасына жеткирилип, окуя болгон жерге КРнын ӨКМнин №42 Өрт-куткаруу кызматынын куткаруучулары чыгышты.

Жабыркагандар: автоунаанын ээси Жээнбаев Молдомырза Жумакадырович Кочкор районунун ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө оор абалда жеткирилди, ошондой эле, унаанын ичинде 1982-жылы туулган, Жумгал районунун Миң-Куш айылынын тургуну Чонокеев Эстебес Асаналиевич, кызы 2006-жылы туулган Шакирова Салтанат Түгөлбаевна жана 2009-жылы туулган уулу Асаналиев Актилек Эстебесович бар болгон.

Алар жеңил жаракаттар менен Кочкор райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×