Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу 11.04.2014 11:02

Ысык-Көл облусу 3 айда катталган өрт кырсыктары боюнча өлкөдө алдыңкы орунда турат

Turmush -  Ысык-Көл облусунда үстүбүздөгү жылдын 3 ай аралыгында 82 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук өрткө каршы кызматынын жетекчиси Союзбек Акматов билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

«Тилсиз жоодон 1600 тонна чөп күйүп, бул республикада алдынкы көрсөткүч болду», - дейт ал.

С.Акматовдун пикиринде, өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери ата-энелер балдарын карабай шалаакы мамиле кылуусунан болууда. «Балдар ширенке менен зажигалканы оюнчуктай колдонууда. Алар чөп күйгүзүп ойношот. Ошентип, өрт чыгууда. Биздегиөрт кырсыгы боюнча үч ай ичиндеги көрсөткүч республикада алдыда болуп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×