Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 10.04.2014 11:56

13 күн мурун чөгүп кеткен тургундун сөөгү Ысык-Ата районундагы каналдан табылды

Turmush -  Бүгүн, 10-апрелде саат 10:20да ӨКМдин куткаруучулары Чоң-Чүй каналынан Бишкек шаарынын тургуну Жыргал Ниязалиевдин сөөгүн алып чыгышты.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ушуш 28-марты күнү чөгүп кеткен 1973-жылы Бишкек шаарында туулган Ж.Ниязалиевдин сөөгү Ысык-Ата районун Люксембург айылынын тушундагы Чоң Чүй каналынан табылды.

Издөө иштерине КРнын ӨКМнин Аламүдүн райондук куткаруу кызматынан 8 куткаруучу, КРнын ӨКМнин Суучулдарды даярдоо борборунан 5 суучул жана туугандарынан 10 адам катышты.

Ж.Ниязалиевдин сөөгү Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×