Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 09.04.2014 17:42

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун айылга суу түтүк орнотуу үчүн чогулткан жердештеринин акчасын өзүнө ыйгарып алган

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү тургун айылга суу түтүк орнотууга жердештери чогулткан акчаны өзүнө ыйгарып алган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБнин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов маалымдагандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Анын айтуусу боюнча, Ысык-Көл облустук ИИБнин 5-бөлүмүнүн кызматкерлерине түшкөн арыз боюнча Тоӊ районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы «Демилге» суу пайдалануучулар ассоциациясынын ишмердигин текшеришкен.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө ассоциациянын башкы эсепчиси, 36 жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну бюджеттен түшкөн 50 миӊ сомду жана айыл тургундары суу түтүктөрүн курууга чогулткан 152 миӊ сомду кассага киргизбей туруп, ал сумманын 78 миӊ сомун өзүнө ыйгарып алганы аныкталган.

Бул иш боюнча тергөө иши жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×