Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 08.04.2014 17:29

Кадамжайдагы «Баяман баатыр» базарында уурулук кылып жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды

Turmush -  Баткен облусундагы Кадамжай районунун Халмион айылында жайгашкан «Баяман баатыр» базарында чөнтөк тоноо менен алектенип келген ууру кармалды.

Кадамжай РИИБдин ага тергөөчүсү Айзек Жумабаев аймактык кабарчыга билдиргендей, 1994-жылы туулган Өзбекстандын жараны Миржалал Нажиев, Кыргызстандын аймагынан бир катар кылмыш ишин жасаган.

Тактап айтканда соода кылуу үчүн келген жарандардын чөнтөгүнө кол салып, уюлдук телефон менен акчаларын уурдап жүргөн.

Учурда шектүү кылмышкер камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×