Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусу, Кант 08.04.2014 10:42

Маршруттук таксилердин ичинде чөнтөк тоноо менен алектенип келген Кант шаарынын тургуну кармалды

Turmush -  Маршруттук таксилердеги жүргүнчүлөрдүн чөнтөгүн тоноо менен алектенип келген кылмышкер колго түшүрүлдү, деп билдирди бүгүн, 8-апрелде Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын 23 жаштагы тургуну №113 маршруттук таксинин ичинен белгисиз бирөөлөр «Нокиа-С-3» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун чөнтөгүнөн уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факт боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн Октябрь РИИБдин кызматкрелери тарабынан Кант шаарынын 23 жаштагы тургуну Ж.Бахтияр шектүү катары кармалып, текшерүү учурунда ушуга окшош дагы 3 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги ачыкка чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×