Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 07.04.2014 12:00

Кара-Кулжа районунда 3 ай ичинде 184 миң сомду түзгөн уурулук фактысы катталды

Turmush -  Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун аймагында 3 ай ичинде турак жайларга кирип уурулук багыты боюнча 14 факты катталып, ал 184 миң сомду түзгөн. Бул туурасында Кара-Кулжа БИИБнен билдиришти.

Анда 4 компьютер, 1 даана «HP» үлгүсүндөгү ноутбук, 1 «Сони» үлгүсүндөгү фотоаппарат жана 1 даана «Самсунг», 6 даана «Нокия» үлгүсүндөгү уюлдук телефон, 210 даана сим-карта, 10 даана наушник, 2 даана тир мылтыгы, 1 даана тир тапанчасы жана 18 900 сомдук канцелярдык товар уурдалган.

Акчалай келтирилген зыяндын баары болуп 184 миң сомду түзгөн.

Бул уурулук фактылары боюнча Кара-Кулжа РИИБнүн кызматкерлери ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзгөн учурда кылмышка шектүү деп Кара-Кулжа айылынын тургуну эч жерде окубаган 1996-жылы туулган Ж.У. Кармалып, сурамжылоо иш-чараларын жүргүзгөн кезде жогоруда аталып кеткен уурулук фактыларынын 7 фактысы боюнча жасаган кылмыш иштерине шектүү катары учурда тергөө бөлүмүнө сурак берүүдө.

Ушул 7 факты боюнча уурдалган 120 миң сомдук далил буюмдар бүгүнкү күндө толугу менен табылып алынып өз ээлерине кайтарылып берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×