Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 07.04.2014 11:52

Кара-Кулжада мал уурулук боюнча эки уюшкан кылмыштуу топ кармалды

Turmush -  Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда өткөн жылдын 9-декабрынан баштап 2014-жылдын апрель айынын башына чейин Кара-Кулжа районунун аймагында мал уурулук менен алектенип келишкен 2 уюшулган кылмыштуу топтун бети ачылды.

Кара-Кулжа РИИБнин кызматкерлеринин оперативдик иликтөө иш-чараларынын жүрүшү кылмышка шектүү деп кармалган 5 кишиден турган 1 кылмыштуу топ аныкталды. Алар Өзгөн районунун тургуну 1983-жылы туулган Б.С., 1990-жылы туулган К.Т., 1994-жылы туулган К.У. жана Кара-Кулжа районунун тургундары 1989-жылы туулган Э.С. жана 1994-жылы туулган М. Н. болушкан. Алар 2013-жылдын ноябрь айынан бери 9 торпок, 1 кой уурдап, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 170 миң 500 сомду түзүп, тергөө учурунда 130 миң сомдук зыян өз ээлерине кайтарылып берилген.

Бүгүнкү күндө бул иштер соттук кароодо турат.

Кылмышка шектүү болгон экинчи кылмыштуу топтун эки мүчөсү Кара-Кулжа районунун тургуну 1991-жылы туулган Ж. Э. менен Өзгөн районунун тургуну 1993-жылы туулган кармалган.

Ал эми бул топко мүчө болгон Өзгөн районунун тургундары Н. жана Т аттуу жарандар изин жашырып жүрушүүдө, аларды кармоо үчүн учурда ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кармалгандар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Бул топ тарабынан 2013-жылдын декабрь айынан 2014-жылдын март айына чейин 7 баш кой уурдалган жана келтирилген зыян 50 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күндө келтирилген зыян толугу менен ээлерине кайтарылып берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×