Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуАраван району 07.04.2014 11:02

Араван районунда турак үйдө өрт чыгып, 1 тонна чөп күйүп кетти

Turmush -  Ош облусунун Араван районунда турак үйдөн өрт чыгып, 1 тонна чөп күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Араван районундагы Интернационал участогунун Маткаримов көчөсүндө жайгашкан М.Сабировго тиешелүү турай үйдөн өрт чыгып, 160 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн чатыры, 84 чарчы метр жыгач шыбы, 5 эшик, 3 терезе, үй эмеректери, 1 тонна чөп күйгөн.

Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×