Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусу, Токмок 07.04.2014 11:00

Токмокто жол кырсыгы катталып, эки адам ооруканага жеткирилди

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарындагы Ленин көчөсүндө жол кырсыгы катталып, эки адам Токмок шаардык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, № S13-58AE мамлекеттик номердеги «Спринтер Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаа менен № S30-57AE мамлекеттик номердеги «Фольксваген Вента» автоунаасы кагылышып, жыйынтыгында «Фольксваген Вента» автоунаасынын айдоочусу 1957-жылы туулган Э.Аралбаев жана аты-жөнү белгисиз аял оор жаракат алышып, Токмок шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×