Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусу, Токмок 07.04.2014 09:45

Токмок шаарында жеңил унаалар кагылышып, жабыркагандар ооруканага жаткырылды

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында кечээ, 6-апрелде саат 09:25те Ленин көчөсүндө мамлекеттик номуру №S30-75AE болгон «Фольксваген Вента» үлгүсүндөгү унаа менен мамлекеттик № S13-58AE болгон «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү унаа кагылышты.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркаган. Жабырлануучулар тез жардам унаасы менен ӨКМдин Токмок шаардык ооруканасына жеткирилди.

Окуя болгон жерге №21-Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×