Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу 07.04.2014 09:36

Шашылыш билдирүү: Талас, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде 3 градуска чейин үшүк жүрөт

Turmush -  Бүгүн, 7-апрелде республиканын өрөөндөрүндө жаан жаап, тоо этектеринде карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Бул тул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.

Абанын күндүзгү температурасы өрөөндөрдө 2...7 градуска чейин төмөндөйт. Мындай аба-ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратып, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

8-9-апрелде түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй өрөөнүн түндүгүндө, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде айрым жерлерде 1…3 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү мөмөлүү бактарга коркунучтуу.

Ошого байланыштуу ири өлчөмдөгү өзгөчө кырдаалдар менен адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы күчөтүлүүгө тийиш, деп эскертет ӨКМ басма сөз кызматы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×