Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуНоокат району 03.04.2014 18:17

Ноокатта өткөн жылы өрт кырсыганан 2 адам каза болуп, 3 млн сомдон ашык чыгым келтирилген

Turmush -  Ноокат районунда өткөн жылы 82 өрт кырсыгы катталып, андан 3 млн сомдон ашык каражат чыгым болгон, деп билдирди Ош облусуна караштуу Ноокат райондук өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Одыл Гуламов.

Анын маалыматы боюнча, ал кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, 2 адам жаракат алган. Ал эми 2014-жылдын 1- бөлүгүндө 28 өрт катталып, 1 адам жаракат алган. Келтирилген чыгым 8 миң 350 сомду түзгөн. Былтыркы жылдын 1-кварталына салыштырганда өрт кырсыгы дагы, келтирилген чыгым дагы 2,5 эсеге көп катталды. Анткени, былтыркы жылдын 1-кварталында 10 өрт кырсыгы катталган.

«Өрттүн келип чыгуу себептери жаш балдардын от менен ойногондугунан жана калктын электр тогун туура эмес пайдалануусунан келип чыгууда», - дейт О.Гуламов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×