Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Чүй облусуСокулук району 02.04.2014 18:28

Бүгүн Сокулук районунда чыккан өрттөн милиция кызматкери 3 адамдын өмүрүн сактап калды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 2-мартта таң эрте, ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкери Чүй облусундагы Сокулук районунун Фрунзе айылында жайгашкан турак үйлөрдүн биринен чыккан өрт кырсыгынан 3 адамдын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, милициянын пропорщиги Рафик Канапияев саат 06:00 чамасында адаттагыдай жумушка бара жатып, коңшу жайгашкан үйдөн түтүн чыгып жатканын байкаган. Р.Канапияев аталган үйгө жакын келген маалда түтүн күчөп калган жана үйгө эшик аркылуу кирүүгө мүмкүнчүлүк болбогондугунан улам терезе аркылуу кирип, алгач үй ээсинин 18 жаштагы уулун, андан соң 16 жаштагы кызын жана кайрадан үй ичине кирип, издөө жүргүзүп 46 жаштагы үй ээси Аксайбек Курмановду сыртка алып чыккан.11

Тилекке каршы өрт тез таралып үйдүн кожейкесин сактап калууга мүмкүнчүлүк болбой калган. Жабырлануучулардын айтымында, өрттү алгач каза болгон кожейке байкап, жолдошун ойготкон.

Үй-бүлөнүн 3 мүчөсүнө керектүү жардамдар толук көрсөтүлүп, учурда алардын абалы жакшы. Өрттөн күйүк алган үй ээси менен истүү газга ууланган балдары ооруканага  жаткырылды.

Таң эрте тутанган өрт тез жайылып, үйдүн жартысы, жабырлануучулар жашаган 3 бөлмө жана короодо турган «Мерседес-Бенц» унаасы толугу менен күйүп кетти.

Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматында, өрттүн чыгуу себеби электр жылыткычын колдонуудагы техникалык коопсуздуктун бузулушунан улам болгон. Ошол түнү балдар ата-энесинин үйүнө келип, узун шнурдун жардамы менен электр жылыткычы түн бою сайылып турган.

Кошумчалай кетсек, 3 адамдын өмүрүн сактап калган Рафик Канапияев ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген кайтаруу кызматынын башкы башкармалыгынын Ленин райондук коргоо бөлүмүндө кызмат өтөп, взвод командиринин орун басары болуп 1996-жылдан бери эмгектенет.

Ага Фрунзе айыл өкмөтү Ардак грамота тапшырды жана ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген кайтаруу кызматынын башкы башкармалыгы прапорщик Р.Канапияевге мамлекеттик сыйлык берүү мүмкүнчүлүгүн кароо менен өтүнүч жөнөтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×