Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 02.04.2014 18:25

«Кыргызкөмүр» ишканасынын «Кара-Кече» филианынын жооптуу адамдарына кылмыш иши козголду

Turmush -  КР УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик мекемелердеги коррупцияга каршы пландык иштеринин жүрүшүндө, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын филиалы «Кара-Кече» көмүр ишканасынын жетекчиси тарабынан тендер өткөрүүсүз мамлекеттик сатып алуулар фактысы аныкталды.

Белгилүү болгондой, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын филиалынын директору жана ишкананын жооптуу кызматкерлери тарабынан мамлекеттик ишкананын каржы каражаттарын ээлеп алуу максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР мыйзамын бузуу менен экскаваторлорду көтөрүлгөн баада ижарага алуу боюнча фирмалар менен түз келишимин түзүү механизмин колдонгон.

Төрт келишимди түзгөндөн кийин мамлекеттик ишкананын бюджетине 1,4 млн сом өлчөмүндө зыян кетирилген.

Аталган факт боюнча ушул жылдын 17-мартында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын төргөөчүлөрү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 306 (келишим түзүү, КР кызыкчылыгынан тышкары мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу) беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×