Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 02.04.2014 09:40

Жайыл жана Москва райондорунда таштанды өрттөөдөн кийин 525 түк чөптү күйгүзүп алышты

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунда Ново-Николаевка айылынын Зеленая көчөсү — 45 дарегинде жайгашкан бастырмада 375 түк саман күйгөн, деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, А.Хабибулаев аттуу жаранга таандык бул бастырманын 40 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры күйгөн. Анын себеби: От менен болгон этиятсыздык болгон. Өзү таштанды күйгүзөм деп өрт чыгарып алган.

Ошондой эле, Москва районунун Бала Айылчы айылынын Бирлик көчөсү — 37 дарегинде Ш.Жээналиев аттуу жаранга таандык 150 түк чөп күйгөн. Бул кырсык дагы от менен болгон этиятсыздыктан келип чыккан. Күнөөлүү кошунасы М.Эмирбеков таштанды өрттөгөндөн кийин чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×