Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 01.04.2014 15:49

Баткендик 37 жаштагы аялды тумчуктуруп, союлган денени жуурканга ороп каналга таштап салган 3 жаш кылмышкер камакка алынды

Turmush -  Бишкек ШИИБ менен Свердлов РИИБдин кызматкерлери өзгөчө оор кылмыш иши, аялды кыйнап өлтүрүү фактысынын бетин ачты.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 29-март күнү Свердлов РИИБдин күзөт бөлүмүнө Кичи Чүй каналынын Сүйүмбаев менен Герцен көчөлөрүнүн кесилишиндеги агымында болжол менен 35-40 жаштар чамасында, азиат улутундагы, кыйналып өлтүрүлгөн белгилери бар аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Алыс эмес жерден кандын тактары бар жууркан, «Беленькая» арагынын бөтөлкөсү, «Винстон» тамекисинин бош кутусу табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө табылган жансыз дене Баткен облусунун Сүлүктү шаарында туулган 37 жаштагы К.Чынар экендиги аныкталды.

Аталган факт боюнча Бишкек ШИИБ менен Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иши аркылуу кылмышкер катары Чүй облусундагы Сокулук районунун 20 жаштагы тургуну Ш.Жапар, Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун 27 жаштагы тургуну Ш.Болот жана Талас шарынын 20 жаштагы жашоочусу О.Марат кармалып, камакка алынды.

Иликтөө иштериндеги алдын ала маалымат боюнча, спирт ичимдигин бирге ичкен соң, 3 кылмышкер К.Чынараны зордуктоого аракет кылган. Алардын аракетине каршылык көрсөткөн аялды катуу сабап, тумчуктуруп, андан соң союлган денени жуурканга ороп Чоң Чүй каналына таштап салышкан.

Аталган оор кылмыш фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берененин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголду. Учурда Свердлов РИИБ кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×