Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуМосква району 01.04.2014 12:24

Москва районунда унаасын башкара албай жолдон чыгып кеткен айдоочу куткарылды

Turmush -  Москва районунда бүгүн, 1-апрелде саат 05:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 45-чакырымында (мам. № S 8425 В) «Ауди100» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, унааны башкара албай жолдон чыгып кеткен.

ӨКМ басма сөз кызматы маалымдагандай, жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам жабыркады. Окуя болгон жерде ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун (ГЦПС) куткаруучулары биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×