Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 01.04.2014 10:53

Караколдо алкаголдук ичимдик ичкен адам газ плитасын өчүрбөй калып, ашканасы күйүп кетти

Turmush -  Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, кечээ, 31-мартта саат 08:30дан 1-апрель күнү саат 08:30га чейин республиканын аймагында 49 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 53 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Карасаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, үйдүн ашканасы күйүп кетти. Аталган үйдүн ээси алкаголдук ичимдик ичкен абалда болуп, тамак бышып жаткан газ плитасы өчүрүлбөй калган.

Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында 100 чарчы метр аянттагы короонун, гараждын жана мончонун чатыры күйүп кетти. Өрт кырсыгынын келип чыгышы — таштанды өрттөө учурунда отко этият мамиле жасабагандыктан улам болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×