Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу 31.03.2014 18:23

Ысык-Көл облусунда мас болуп алып кафени тоногон жаран кармалды

Turmush -  Бул тууралуу Ысык-Көл ИИБ басма сөз кызматы билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда. Тоӊ районунун ИИБ кезмет бөлүмүнө Көк-Мойнок-2 тилкесинде жайгашкан «Жибек-Жол» кафесинин сатуучусу арыз менен кайрылган. Ал 30-мартта саат 5:30дар чамасында белгисиз жаран мас абалында кафеге кирип келип, бычак менен коркутуп, спирт ичимдиктерин жана тамекилерди алып кеткенин билдирген.

Милиция кызматкерлери изи сууй электе Нарын облусунун Миң-Куш айылынын 25 жаштагы тургунун кармашкан. Аны текшерүү учурунда сатуучудан алган товарлар алынган, ошондой эле 5,5 грамм гашиш табылган.

Кармалган жаран Тоӊ районунун убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×