Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 31.03.2014 12:38

Караколдо топоң кылганы үчүн камалган Н.Калчаевге милиционерлер тарабынан кыйноолор колдонулганы боюнча сотто акыйкатчынын доо арызы каралат

Turmush -  Эртең, 1-апрелде саат 12:00дө Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда КР акыйкатчысынын КР Башкы прокуратурага карата жазган доо арызы каралат.

КР акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, акыйкатчы кыйноолор фактысы боюнча териштирүүнү токтотуп койгону боюнча сотко кайрылган.

Маалымдалгандай, Н.Калчаев аттуу жаранга карата милиционерлер тарабынан кыйноолор колдонулганы боюнча ишти мыйзамсыз токтотуп койгону боюнча Б.Аманбаевдин арызы менен соттук териштирүүлөр эки жума мурда башталган. Бирок, өткөн жумада соттук отурум Калчаевди кармоо жана суракка алуу боюнча протоколдор табылбай жатканына байланыштуу тыныгуу жарыялаган.

«Сотто катышып жаткан прокуратуранын өкүлү, Н.Калчаев жаракатты өткөн жылдын 7-октябрь күнү «Кумтөр» боюнча Караколдо өткөн митингде аны кармоо учурунда алган деп билдирди, ошол себептен Акыйкатчынын ишти кароо тууралуу талабына прокуратура баш тартканын маалымдады», - деп айтылат билдирүүдө.

Акыйкатчынын расмий өкүлү, адвокат Д.Медетованын айтымында, анын колунда жабырлануучунун эле көрсөтмөсү эмес, ошондой эле күбө Өмүрбек Бөлтүрүковдун да көрсөтмөсү бар. «УКМК Ысык-Көл облусундагы офисине жеткирилген Калчаевди кантип сабалгандыгын өз көзү менен көргөн. Ө.Бөлтүрүковду сабашкан эмес, анткени анын улгайган жашын эске алышкан», - дейт адвокат.

Эске сала кетсек, акыйкатчы Б.Аманбаев октябрь айында УКМКнын ТИЗОсуна кезектеги иш сапары учурунда ал жерде убактылуу кармалып тургандар менен жолугушкан. Ал жерде кармалып турган Наристе Калчаев аны кантип кармашканын жана тийиштүү маалымат алуу үчүн ага башына мешок кийгизип кантип кыйнашканын жана кантип сабашканын ачык айтып берген. Н.Калчаевдин уруксаты менен анын бардык айткандары документтештирилип, видеого тартылып алынган. «Видеоматериалда анын денесине мокок предмет менен сабалганы, көгөргөн жерлери, боордун тушунда сабалгандын издери бир караганда эле даана көрүнүп турат», - деп белгилейт акыйкатчынын басма сөз кызматы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×