Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 31.03.2014 11:51

Жайыл районунда айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, 3 адам жабыркады

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунда кечээ, 30-мартта саат 15:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 150-чакырымында (мам.№ S 4605 O) «Ниссан» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, унааны башкара албай жолдон чыгып кеткен.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам ар кандай жаракат алган. ӨКМнин куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун (КДМБ) куткаруучулары жана ФАПтын дарыгерлери менен биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, жаракат алган жарандар ФАПтын тез жардам автоунаасы менен Кара-Балта шаарындагы ооруканага жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×