Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 31.03.2014 10:38

Ысык-Ата районунда тепловоз кичи автобусту сүзүп, 27 адам жабыркап, айдоочу каза болду

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунда тепловоз менен кичи автобус сүзүштү, деп билдирди бүгүн, 31-мартта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы. Маалыматта айтылган аталган жол кырсыгы кечээ, 30-мартта Люксембург айылында жайгашкан Совет көчөсүндө болгон.

Маалыматта айтылгандай, «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобустун айдоочусу 44 жаштагы Көк-Жар конушунун тургуну түштүк багытка бара жаткан.

Жол кырсыгынын натыйжасынан жабыр тарткан 27 адам Кант шаардык ооруканасына жаткырылса, алардын ичинен жаш балдардын саны - 10. Ал эми, кичи автобустун айдоочусу оор жаракатынан улам, ооруканада каза болду.

Учурда жабыр тарткандардын ичинен 7 адам менен 1 жаш бала ооруканада дарыланып жатат жана калган жабырлануучулар алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң, ооруканадан чыгарылды.

Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×