Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 29.03.2014 14:21

ИИМ КИББ менен Жайыл РИИБ жансыз денеси табылган аялдын өздүгүн тактоого көмөк көрсөтүүнү өтүнөт (фото)

Turmush -  ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен Чүй облусунун Жайыл РИИБи жансыз денеси табылган 30-35тер чамасындагы азиат улутундагы белгисиз аялдын өздүгүн тактоого көмөк көрсөтүүнү өтүнөт. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кордолуп өлтүрүлгөн белгисиз аялдын денеси 2013-жылдын 15-ноябрында Кочкор-Арал-Төө-Ашуу унаажолунун 212-чакырымынын Суусамыр капчыгайында трассадан 50 метр алыс жерден табылган.

Белгилери: бою 160-165 см, чачтары каштан түскө боелгон кыска, өзгөчө белгилери жок.

Көрсөтүлгөн аялды тааныгандар же билгендер болсо ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына же Чүй облусунун Жайыл РИИБне (0312) 26-62-61, (03133) 3-12-20, (0557) 03-77-88, (0700) 41-41-47, (0778) 78-78-34 телефон номурлары аркылуу кабар берип коюуну өтүнөт.

Эскертүү: Сүрөттө өлгөн адамдын бети көрсөтүлгөн

ИИМ

иим1

ИИМ2

ИИМ3

BBV9

ИИМ4

ИИМ5

ИИМ6

ИИМ7

ИИМ11

ИИМ12

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×