Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Чүй облусу, Токмок 28.03.2014 12:54

Токмок шаарында унаа жарылган жерге ӨКМдин №21 Өрт-куткаруу кызматынын куткаруучулары чыгышкан

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында кечээ, 27-март күнү саат 17:45тер чамасында унаа жарылып, кырсык болгон жерге ӨКМдин №21 Өрт-куткаруу кызматынын куткаруучулары чыгышкан. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Эске салсак, 1-кичи районунда 1977-жылы туулган боксчу Руслан Абасовго таандык(мам. № S 9191 AE) «Тойота Ланд-Крузер» үлгүсүндөгү унаа жарылган.

Окуя болгон жерде Коргоо министрлигинин сапёрлору унааны текшерүү иштерин жүргүзүштү, натыйжада унаада башка жардыргыч зат табылган эмес.

Унаанын айдоочусу Руслан Абасов Токмок шаардык ооруканада алган жаракатынан каза болгон. Анын жолдошу жаракат алган эмес, өзүн жоготуп кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Жардыруунун келип чыгуусу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлери жана ички иштер министрлиги тарабынан такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×