Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Чүй облусу, Токмок 27.03.2014 19:36

Чүй ОИИБ: Кикбоксер Р.Абасовдун унаасы жарылып кеткен

Turmush -  Кикбоксер Руслан Абасовдун автоунаасы жарылып кеткен, деп билдирди Чүй ОИИБдин басма сөз бүгүн, 27-мартта. Маалыматка таянсак, автоунаа саат 16:30дар чамасында жарылган. Окуя болгон жерде Токмок ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу жана саперлор иштеп жатышат.

Ошондой эле, тез жардам унаасы эки адамды: бир аял менен эркекти алып кеткени маалымдалат.

Ал эми спортчунун өлгөндүгү тууралуу малыматты ШИИБ расмий тастыктаган жок.

Кырсык болгон жерге УКМКнын кызматкерлери кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×