Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусу, Токмок 27.03.2014 19:29

Токмокто күйүп кеткен автоунаадан кикбоксер Руслан Абасовдун жансыз денеси табылды, - булак

Turmush -  Чүй облустук укук коргоо органдарындагы булактар билдиришкендей, бүгүн, 27-мартта Токмок шаарында автоунаа күйүп кетти. Автоунаада эркек адамдын сөөгү табылып, алдын ала маалыматтар боюнча ал кикбоксер Руслан Абасов экени айтылууда.

Укук коргоо органдары кенениреек маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

«Гермес» каймана аты менен таанылган Руслан Абасов World Bars Kickboxing Federation (WBKF) версиясы боюнча эң оор салмактагы профессионалдар арасында кикбоксинг боюнча биринчи дүйнө чемпиону болгон.

Руслан Абасов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×