Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусу 27.03.2014 18:48

Байтикте табылган кыздын өлүмү боюнча шектүүлөр аныкталды, - тергөө

Turmush -  Алдын ала маалыматтар боюнча Бийтик айылына жакын жерден табылган кыздын денесинде зордукталган же кордолгон белгилер табылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйында ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Максат Абдыкулов билдирди.

Анын айтымында, учурда тергөө жүрүп жатат, шектүүлөр аныкталды.

Эске салсак, ушул жылдын 10-мартында 18 жаштагы Камила Дүйшөбаева аттуу кыз Бишкек шаарынын «Достук» кичирайонундагы үйүнөн чыгып, досторуна жолукканы кеткен боюнча дайынсыз экени кабаоланган. 16-март күнү кечинде анын жансыз денеси Байтик айылындагы көрүстөндүн жанына табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×